Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйнө чемпионаты 9-күн: Нидерланды, Сенегал, Англия жана АКШ тайпадан чыкты

30.11.2022 09:00
607
Дүйнө чемпионаты 9-күн: Нидерланды, Сенегал, Англия жана АКШ тайпадан чыкты

29-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында А жана В тайпаларынын оюндары жыйынтыкталды.


Ал тайпасында кожоюн Катар Нидерланды менен кез келип, 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Ошентип Катар дүйнө чемпионатында бир да упай топтой алган жок. Ал эми Нидерланды 7 упай менен тайпада  биринчи орунду ээледи.


Ал эми Сенегал менен Эквадордо тайпадан чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк бар эле. Оюнда Сенегал 2:1 эсебинде жеңишке жетишти жана дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына жолдомо алды.


В тайпасында лидер Англия бул жолу Уэльсти 3:0 эсебинде утуп, тайпада биринчи орунду камсыз кылды.


Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыгуу үчүн АКШ менен Иран ортосунда кызыктуу беттеш болду.

Оюндун жыйынтыгында америкалыктар 1:0 эсебинде жеңип, гимн аткарбаган Иран футболчуларын үйүнө жөнөттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн