Дүйшөмбү күндөрү Бишкек шаарындагы базарлар жабык болот. Бул тууралуу 25-июнда шаардык мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди базарлардын администрациялары өздөрү кабыл алышты.
"Бишкекте дүйшөмбү күндөрү "Дордой" базарынан башка базарлар жабык болот. Бул күнү дезинфекциялоо иштерин жүргүзөт. Азыр "Дордойдо" текшерүү жүрүп жатат", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн