Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

07.12.2022 16:41
267
ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилей кетсек, ЖЕЭКтин жыйыны 9-декабрда Бишкекте өтөт.


Маалыматка ылайык, 8-декабрда Михаил Мясникович министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Бишкек инвестициялык саммитинин ачылышына конок катары катышат. Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугуна карата уюштурулуп жаткан илимий-практикалык конференциянын ишине катышмакчы.


Андан тышкары, Михаил Мясниковичтин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу пландалган.


Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны КР президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт. Анын ишине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн