Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн