Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Эдил Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси менен жолукту

19.04.2024 15:12
178
Эдил Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголия президентинин администрациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин жетишээрлик жогорку деңгээлин белгилешти, бул эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын болгондугунан кабар берет.

“Өткөн жыл саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун активдеши менен коштолду”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ошону менен бирге ал эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруу, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, тоо-кен өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президенттик администрациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар өз кезегинде меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өткөн жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга жасаган мамлекеттик сапары маанилүү роль ойноп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоого түрткү болгонун белгилөө менен Монголия тараптын Кыргыз Республикасы менен экономикалык жактан пайдалуу демилгелердин кызматташууну өнүктүрүүдө өз күчтөрүн бириктирүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтула тургандыктарын ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн