Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 08:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эдил Байсалов: Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, ал Кыргызстандын бактысы

17.04.2022 13:03
1480
Эдил Байсалов: Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, ал Кыргызстандын бактысы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго карата айтылган сындар боюнча анын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.


Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазган пикиринде, Акылбек Жапаровдун ишмердүүлүгүнө айтылган сындарды көралбастык деп эсептейт. Ошондой эле өкмөт башчы учурда Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн күн-түн жан үрөп иштеп жатканын белгилеп, алдыда көп өзгөрүүлөр боло турганын айткан.


Ошондой эле ал кайрылуусунда, «Акылбек Жапаровдун учурда мамлекет үчүн иштеп жатканы — элибиздин бактысы, Көп нерсе айткым келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Кабминдин келгенине алты ай болду. Чоң ийгиликтер алдыда. Туугандарга айтаарым, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку, карасанатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот», — деп кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн