Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт?

30.08.2021 14:06
1492
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт?

31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейине байланыштуу Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Түзүлгөн план-сценарийге ылайык, мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт.


Салтанаттуу парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери тартылыт. Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн эки миңдей өкүлү, аскер кызматкерлери катышат.


Мындан сырткары, аянттан зооттолгон танка, БМП, БТР, артиллериялык аскер техникалары көрсөтүлөт. Аскердик парадга коргоо министри Алмазбек Карасартов жетекчилик кылып, аны Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алат.

Салтанаттуу иш-чара эмгекчилердин, маданияттын жана искусствонун мыктыларынын, спорттун ардагерлеринин, атактуу спорт чеберлеринин парады менен уланат.


Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат кечинде концерттик программа менен уланат. Анда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды куттуктайт. Концерт мекенчил ырлар менен коштолот. Аягында майрамдык фейерверк атылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн