Теке 05, 2024
Убакыт: 20:14
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Эгер бул дүйнө жалаң кубаныч менен шаттыктан турганда, биз эч качан эрдик менен сабырдуулукка үйрөнө алмак эмеспиз

03.07.2024 12:03
102
Эгер бул дүйнө жалаң кубаныч менен шаттыктан турганда, биз эч качан эрдик менен сабырдуулукка үйрөнө алмак эмеспиз


Дүйнөдөгү жакшы нерселердин баарына биз сабырдуулук аркылуу жетебиз.

(Умар ибн аль-Хаттаб)


Бир мүнөттүк сабыр он жылдык жыргалга жеткирет.

(Аль Капоне)


Эрдик – бул бир саат сабырдуу боло билүү.

(Имам Шамиль)


Күч менен жетише албаганга биз сабырдуулук менен жетебиз.

(Эдмунд Бёрк)


Кыйынчылыкты сабырдуулук менен жеңе алгандарга караганда, дароо өлүп калууну каалагандар көбүрөөк болот. 

(Гай Юлий Цезарь)


Жарык чачканы үчүн жалынга ырахмат айт, бирок сабыр кылып, көлөкөдө калган чыракты да унутпа.

(Рабиндранат Тагор)


Мезгил – эң жакшы сынчы, сабырдуулук – эң мыкты мугалим.

(Фредерик Шопен)


Сабырдуу болуп, ачууңду баса албасаң, анда саясатка аралашпай эле кой.

(Стендаль)


Чыдамдуулук менен сабыр тынчыкта да, согуш учурунда да керек.

(Иоанн Дамаскин)


Сенин ким экениңди эки нерсе көрсөтүп коёт: эч нерсең жок кезиңде сабырдуу болгонуң, баардык нерсең бар кезиңде токтоо боло алганың.

(Zig Ziglar)


Башкаруунун үч сыры бар. Биринчи сыры – бул сабырдуу болуу. Экинчиси – сабырдуу болуу. Үчүнчү, эң маанилүү сыры – бул сабырдуу болуу.

(Чак Таннер)


Сабырдуулук – алсыздардын жана эң күчтүүлөрдүн куралы.

(Лешек Кумор)


Сабырдуулук – бул баардык оорулардан арылтуучу дары.

(Публий Сир)


Жашоо – бул сабырдуулук. Иштесең, сабыр кылсаң – натыйжага жетишесиң.

(Эвандер Холифилд)


Сабырдуулук менен билим адамдарды улуу кылат, ал эми улуу адамдар болсо биздин Ата журтубуздун келечеги.

(Бенито Хуарес)


Сабырдуу адам баардык нерсеге жетишет.

(Франсуа Рабле)


Сабырдуулук – ибадаттардын эң мыктысы.

(Сиддхартха Гаутама (Будда)


Эшек баардык кыйынчылык менен азапты көтөрө билет. Өзүнүн чыдамы менен сабыры жоктор болсо аны өжөр деп коюшат.

(Леонардо да Винчи)


Аялың, кезек, зажигалка – сабырдулуктун эң жогорку мектеби.

(Цедеттик Макарин)


Сабырдуу киши гана жеңишке жетишет.

(Людовик XIV де Бурбон)


Жашагың келсе, чыдай бил.

(Людмила Гурченко)


Менин чыдамсыздыгыма сабырдуу болуп койгулачы...

(Жюль Ренар)


Сабырдуулукту баары баалашат, бирок баары эле сабырдуу боло албайт.

(Томас Фулер)


Сабырдуулук чыдай билгендерге гана келет.

(Терри Баллард)


Сабырдуулар эки дүйнөдө тең бактылуу болушат, себеби, Аллах сабырдуулар менен.

(Абу Али ад-Даххак)


Сабырдуулук – бул турмуштун ачуусун чекеңди бырыштырбай жута алганың.

(Аль-Джунайд)


Сабыры жок кишилерге боорум ооруйт. Жараат дароо эле айыга калмак беле?

(Уильям Шекспир)


Бир мүнөттүк сабырдуулук улуу бактысыздыктардан сактап калышы мүмкүн, бир мүнөттүк сабырсыздык бүт өмүрдү бүлгүнгө учуратышы мүмкүн.

(Кытай накылы)


Биз тагдырыбызды да ден соолугубуздай эле башкарышыбыз керек: ал жакшы кезде ырахат алып, жаман кезде сабыр кылууга тийишпиз.

(Франсуа де Лорошфуко)


Эгер бул дүйнө жалаң кубаныч менен шаттыктан турганда, биз эч качан эрдик менен сабырдуулукка үйрөнө алмак эмеспиз.

(Хелен Келлер)


Үмүт бизге сооронуш үчүн, ал эми сабырдуулук болсо ийгиликке жетиш үчүн берилет.

(Абдулкадир Бедиль)


Эгер ресторанда ташбака сорпо заказ кылган болсоң, ал бышканча чыдашың керек.

(Дмитрий Аркадин)


Сабырсыздыкка гана сабырсыз бол.

(Ипполит Тэн)


Чоң ишти жасаш үчүн чоң сабырдуулук керек.

(Дина Дин)


 Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн