Бакыт китеби бир эле барактан турмак. Ал эми кайгы-капа жөнүндө жаза берсең дегеле түгөнбөйт.
(Януш Леон Вишневский)
Картайган кезде адам көрүүчүлөрдүн арасында отуруп алып, өзү сүйгөн ролдорду башка бирөөлөр аткарып жатканын көрүп кайгырган актёрго окшоп калат.
(Магдалена Самозванец)
Кээде кайгы да керемет, кооз болуп кетет.
(Эми Ли)
Кээде кичинекей капалык бизге чоң кубанычка караганда көбүрөк шаттык алып келет.
(Кристина Кашкан)
Сен бойго жеттиң. Акылың токтоттуң. Капалуу болуп калдың.
Үч тепкичтен турган кадимки шаты.
(Дмитрий Емец)
Ыйлагым келет, бирок, негиз жок. Ушунун өзү эле негиз эмеспи?
(Фредерик Бегбедер)
Мас болгонду жаман көрөм. Көкүрөгүм шаттыкка толуп, сүйүнөм го деп ойлойсуң, а чындыгында болсо көңүлүң чөгүп, ыйлагың келет.
(Келли Торрес)
Биздин кайгыбызды жаздык гана акысына эчтеке сурабай бөлүшө алат.
(Эльчин Сафарли)
Мен өз өмүрүмдө өзүм жолуктурган эң капалуу киши болсом керек.
(Фредерик Бегбедер)
Жандүйнөдөгү бырыштар бат эле жазыла коюшу кыйын.
(Эльчин Сафарли)
Кээде ыйлагым келет, башка аялдардай көз жашымды жаак ылдый агызбай, айды карап улугум келет.
(Эрика Леонард Джеймс)
Менин жүрөгүм 24 саат бою кайгы-капанын кучагында уктайт.
(Эдит Пиаф)
Жанынан өтүп баратсаң “кандайсың, Карлсон?”-деп айткан кишиң болбосо аябай эле кейиштүү.
(Астрид Линдгрен)
Менин күлдүргүчүм бузулуп калыптыр.
(Стивен Кинг)
Эгер жалаң кайгылуу нерселер тууралуу ойлой берсек, анда бу дүйнөдө дегеле жылмайган киши болмок эмес.
(Эрих Мария Ремарк)
Мен адамдардын баарын жакшы көрөм – ушул нерсе кейиштүү.
(Курт Кобейн)
Аял киши шампанды өзү ачууга туура келсе, мындан өткөн кейиштүү нерсе жок.
(Оливия Голдсмит)
Адам кээде кейип да турушу зарыл.
(Леонид Барац)
Атүгүл адамдын бактысында да кейиштүү бирдеке бар.
(Антон Чехов)
Жаман күндөрдү эмес, жакшы күндөрдү эстегенде көзүңө көбүрөөк жаш тегеренип кеткени кызык ээ?
(Вальтер Моэрс)
Үтүрөйгөн келесоо эмес, шайыр келесоо бол.
(Ванда Блонская)
Кайгылуу окуялардан мыкты китептер жаралат.
(Халед Хоссейни)
Кээде кайгы сенин жападан-жалгыз кубанычың болуп калат.
(Эрих Мария Ремарк)
Эгер философторду айларга бөлүш керек болсо мен ноябрга Шопенгауэр менен Ницшени коймокмун. Ноябрдын жамгырына эч ким бул экөөнөн артык туура келбейт.
(Януш Вишневский)
Жамгыр сыяктуу эле көз жаш да кайгыны ого бетер күчөтөт.
(“Наруто” мультфильминен)
Жашоо – бул гитаранын кылдары сыяктуу. Кээде үзүлүп кетет, кейийсиң.
Бирок, кылды кайра тагып койсо болот да...
(Агус МакКиннон Янг)
Кайгы менен үмүтсүздүк адамды ок сыяктуу эле өлтүрөт. Бирок, ок сыяктуу бат эмес, жай, кыйнап өлтүрөт.
(Иар Эльтеррус)
Жаагыңды жап, кайгы, унчукпай турчу!..
(“12 стул “ тасмасынан)
Кээде ыйлабаш үчүн күлүш керек болот.
(Уильям Питер Блэтти)
Бир адамдын жүрөгүнө ушунча кайгы кантип батты экен?
(Александр Полярный)
Маанайың ушунчалык пас, сулуу экениң да билинбей калыптыр.
(“Париж-Манхэттен” тасмасынан)
Жүрөк сыздап турганда оорунун баары чап жармашат.
(Мария Семенова)
Сен бактылуу кезде ырдын музыкасынан ырахат аласың. Көңүлүн чөккөн кезде сөздөрүнө көңүл бөлө баштайсың.
(Франк Оушен)
Мен кайрадан жалгызмын, бирок кейиген жокмун.
(Харуки Мураками)
Көрсө, акылдуу болгон өтө кейиштүү турбайбы.
(Борис Акунин)
Булак: “Азия Ньюс” гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн