15-июнь күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 38 жаштагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 38 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 16-июнь күнү ИИМдин кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн ӨКМга жардам сурап кайрылышкан.
Аны табуу аракеттерине 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун жансыз денеси табылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн