Эки жылдан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.
2022-жылдын 5-июлунда "Түштүк Кытай аба жолдору" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн