Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Экология министрлиги бейөкмөт уюмдардын абанын булганышын көрсөткөн аппаратка ишенбейт

19.01.2023 12:53
286
Экология министрлиги бейөкмөт уюмдардын абанын булганышын көрсөткөн аппаратка ишенбейт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмазбек Туманов абанын булганышын аныктаган бейөкмөт уюмдардын датчиктерине ишенбей турганын парламенттин жыйынында билдирди


Анын айтымында, абанын булганышы бейөкмөт уюмдардын датчиктери көрсөткөн көрсөткүчтөн төмөн.


"Өкмөткө караштуу Кыргызгидрометтин метеостанциясынын маалыматы боюнча, абанын булганышынын деңгээли 171 PM2.5. болууда. Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар менен иштешкен мекемелердин датчиктери 225 PM2.5. деп көрсөтүп жатат. Биздин мамлекеттик мекеменин датчиктеринин баары аттестациядан өткөн, ал эми бейөкмөт уюмдардыкы аттестациядан өткөн-өтпөгөнү белгисиз. Ушуга байланыштуу да чоң резонанска айланып кетти", — деди Туманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн