Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Экс-депутат электр энергиясына болгон тарифти 36 тыйынга түшүрсө болорун айтты

23.04.2021 10:24
2297
Экс-депутат электр энергиясына болгон тарифти 36 тыйынга түшүрсө болорун айтты

Энергетикадагы үч өзүнчө мекемени жойсо, тарифти түшүрүүгө болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мамытбай Салымбеков билдирди. 


"Урматтуу менин мекендештерим!


Светтин баасын түшүрсө болот  энергетикада үч өзүнчө мекеме бар. Анын баарын бир эле КРнын Энергетикасы деп атап экөөнү жоюп салса, ага коротулган чыгымдар, алардын пайда, салыгы,  дагы көп чыгым статьялар үнөм болот.

Мунун баары акционердик коом, баары дивидент алып, элдин бюджетинен кредитин алып белчеге мамлекетти карызга батырып олтурат. Эч бир энергетикага сарпталган акчага бирөөсү да жооп бербей светтин баасын жогорулатып элдин терисин сыйрып  жатат.

Энергиянын баасын кескин түшүрсө болот: энергетиканы тейлеген 3 мекемени жоюп анын оордуна бир эле  Кыргыз Энегетикасы  деп бир ишкана ачып, алар энергетикага алган каражатты акционердик коомго төлөтүп анан жоюп салыш керек. Ошондо гана 36 тыйын болот, өздүк нарк",- деп билдирүү калтырган  мурдагы депутат.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Талант
Светти арзандатуу керек элди ойлогула озубуздон чыккан светти Бекер кыла албасанвюар дагы арзан болуш керек мисалы 30 тыйын