Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт

31.05.2023 11:10
296
Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт


Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык - Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.

Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн