Отуз жылдан бери карай улам бийликтин тополоң жолу менен алмаша берүүсүнөн эл кекиртегине чейин тойду. 2005-жылы 24-мартта Аскар Акаевдин бийлиги кулаганда, «Эми чындап жаркын жашоо алдыда турат» деген элдин илгери үмүтү болгон. Дээрлик 15 жыл мамлекеттик жогорку кызматтарда атасынан энчиге калгандай жылбай отургандар кетип, элдин эсебинен ичип-жегендер түрмөгө отуруп, бийлик башына чыныгы элдик адамдар келет деген изги үмүт бар эле. Ал үмүттү таш капты. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин да андан чоң үмүт жаралган. Эмнегедир элдин үмүтү алданды. Арадан 10 жыл өтүп, кайрадан бийлик мөөнөтүнөн мурда кулады. Эми жаңы келген бийликте элдин акыркы үмүтү бүл-бүл жанып турат. «Кайра эле алданып калган жокпузбу?» деген суроо менен бирге, «Ушул бийлик үмүтүбүздү чындап актап берсе экен» деген жалооруган ишенимди жоготкубуз келбей турат.
Эл азыр жаъы бийликтен эмнени күтүп жатат? Биринчи кезекте, отуз жылдан бери карай мамлекетти каалагандай талап-тоноп, ченебеген байлыкка ээ болуп алгандарды четинен мыйзам чегинде жазага тартуусун күтүүдө. Мындай кадам тандоо жолу менен болбошу керек. «Бизге сын айтпай, тескерисинче колдоп иштешебиз десеңер тийбейбиз» деген критерий бул жерде иштебеши керек. Мамлекеттин эсебинен байып алган үлкөндөр бизде жүздөп саналат. Алардын колундагы байлык мамлекетибиздин колунда турган байлыктан азыр жүз эселеп көптүк кылат. Алардын баары темир тор артына отуруп, мыйзамсыз топтогон байлыктары мамлекеттин казынасына түз өтүшү керек. Эгерде ушул иш алдыдагы жарым жыл ичинде толугу менен ишке ашса, анда эл бүгүнкү бийликке эч кимдин колун тийгизбейт. Ал эми «аттап-буттап» камоо улана турган болсо, анда алардын жакындары, жек-жааттары кадимки көнгөн адат менен митингдерди уюштура беришээри бышык.
Экинчи кезекте, бүгүнкү бийликтин эң чоң «фишкасы» - бул «Кумтөр» алтын кени болчу. Эми буга чейинки айтылып келген, коюп келген талаптарды аткаруу бийликтин өзүнүн колунда. Жарым жыл, ашып кетсе бир жыл ичинде «Кумтөр» кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк иштей тургандай макулдашуулар болушу шарт. Алтын кени азыркы тапта өлкө экономикасына канча киреше алып келип жатса, жаңы макулдашуулардын негизинде жок дегенде эки эсеге көп киреше алып келе турган болсо, анда бул бийлик элдин алмашкыс сүймөнчүгүнө ээ болот.
Бир жыл ичинде жок дегенде өзүбүздүн бир ири өндүрүш ишканасын ишке киргизүү максатка ылайык. Эч эле болбоду дегенде бут кийим чыгарган фабрикабыз болгону жакшы. Ал сапаты жагынан да, сырткы көрүнүшү жагынан да чет элдик бут кийимдерден кем калбашы зарыл. Ошондо биз жок дегенде өзүбүздөн чыккан бут кийимди кийип, өз акчабызды өзүбүздө сактап калабыз. Албетте, өзүбүзгө тиешлүү өндүрүштү ушуну менен эле токтотуп коюуга болбойт. Бул башталышы боло турганына ишеним арттыруу кажет.
Мамлекеттик жогорку кызматтарга «тил алчаактыгына», же достугуна, тааныш-билиштигине карап эмес, кесипкөйлүгүнө, билимине, маданиятына карап дайындоолорду эл күтүп турат. Көчөдө көбүрөөк кыйкыргандар, же социалдык түйүндөрдө пиар жасагандар гана мамлекеттик кызматтарды каалагандай калчап калбашы керек. Иш жасоо менен, пиар жасоонун айырмасы өтө эле чоң экенин көрүп келатабыз.
Электр энергиясын алып саткан ортомчу компаниялардын таап жаткан кирешесин мамлекет өзүнө калтырса эмнеге болбойт? Мына ушул суроонун тегерегинде реформа жүрүшү шартка ылайык. Мамлекет өзү өндүргөн электр энергиясын керектөөчүлөргө чейин өзү жеткирип, кирешени да өзүнө калтырса болот. Балким, ошондо электр энергиясынын тарифин азыркыдан арзан кылууга жол ачылат.
Саламаттыкты сактоо тармагын, деги эле медицинаны бизнеске айлантууга жол берилбеши да кыргызстандыктар үчүн маанилүү. Мисалы, дары-дармектерди мамлекет өзү сатып алып, өзү алардын сапатын текшерип, баасын көзөмөлгө алса болбойбу? ЮРФА сыяктуу жеке менчик медициналык борборлор көрсөтүп жаткан кызматты мамлекеттик ооруканалар өздөрү көрсөтсө эмнеге болбойт? Ошол эле медициналык жабдууларды мамлекет өзү эмне үчүн сатып ала албайт? Жеке менчик медициналык борборлорго жан айласы кылып, акыркы акчасын сарптап жаткан жарандар үчүн камкордукту акыры мамлекет жасашы керек эмеспи. Ошол эле медициналык жабдууларды мамлекет өзү сатып алып, кызмат көрсөтүүнүн акысын мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысынын, пенсионерлердин пенсиясынын көлөмүнө жараша жеткиликтүү баада бекитип берсе, андан түшкөн киреше да мамлекетте калып жатпайбы. Ошол эле киреше менен дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүүгө шарт түзүлбөйбү.
Билим берүү тармагын ыраатка келтирүү да башкы маселелердин бири. Орто мектеп үчүн чыгып жаткан окуу куралдарын кайра баштан катуу текшерүүгө алуу муктаждыгы бар. Ачык айтканда, айрым окуу куралдары толтура каталары менен жарык көрүүдө. Ошол окуу куралдарынан билим алган келечек муун эмне болот?
Чек ара маселеси – талылуу маселе. Жок дегенде бүгүнкү күндө өзүбүздүн жер деп ишенимдүү айтып жаткан жерлерибизди алдырып жибербей тургандай чечкиндүү аракеттерди эл күтүп турат. Чек араларга жакын аймактардагы жашоочулардын жашоо-турмушун он эселеп жакшыртуу багытында иштер бүгүн-эртеңден башталуусу максатка ылайык.
Мындай тизмени уланта берсек, дагы бир топ болот. Азырынча жок дегенде ушул айтылган элдин үмүттөрү акталса да чоң жеңиш. Эл эми бийликтин тополоң менен алмашуусун каалабайт. Андайга жол да берилбеши керек. Ал эми элдин үмүтүн актайм деп келген бийлик, аны иш жүзүндө көргөзүүнү колго алышы шарт.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)