Жалган курандын 10, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
0.970
1.010

Эл өкүлү Азизбек Турсунбаев аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

08.03.2025 12:02
847
Эл өкүлү Азизбек Турсунбаев аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады


Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев жалпы аялдарды 8-март - аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.


Эл өкүлүнүн куттуктоо сөзү: 


“Урматтуу асылзат айымдар!


Кадырлуу энелер, эжелер, карындаштар!


Жалпыңыздарды жадыраган жаз мезгили менен чогуу кирип келген 8-март – аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.


Аялзатынын майрамы жаз мезгилинин биринчи айына туш болгону да бекеринен болбосо керек. Себеби, сиздерден ар дайым аруулук, мээримдүүлүк, боорукерлик, сулуулук жана жылуулук сезимдери чачырап турат.


Ар бир кыргыз мырзасы үчүн аялзатынын орду өзгөчө жана барктуу. Себеби мырзалардын урматтап-сыйлаган, мээримин төккөн Энеси да, түмөн түйшүгүн тең бөлүшкөн сүйүктүү жары да, ар дайым кош колдоп колдоого алып турган бир тууган эже-карындаштары да, эркелеген кыздары да аялзаты болуп саналат.


Эненин таман алдында бейиш бар деп айтылат. Кыргыздын ар бир мырзасы эненин алдында башын ийип таазим кылып турат. Анткени, эне баласын тогуз ай боюнда көтөрүп, жарык дүйнөгө келгенден тарта өмүр бою жүрөгүндө көтөрөт. Эненин мээриминдей мээримди, эненин камкордугундай камкордукту бул жарыкчылыкта башка жандан табуу кыйын. Аялзатындагы энелик мээримдин өзү эле эмне деген керемет, эмне деген улуу күч! Андыктан сиздерге ар дайым таазим кылабыз.


Сиздерге ар дайым бекем ден соолук, узак жана бактылуу өмүр каалайм. Иштеген ишиңиздерде, окууңуздарда, жалпы эле жашооңуздарда ийгиликтер коштосун. Маанайыңыздар эч качан чөкпөсүн, ырыскыңыздар толуп-ташып турсун.


Сиздер үйдүн куту, жашоонун жарыгысыздар! Майрамыңыздар кут болсун!!!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн