Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Элчи Өмүралиев Түркия парламентинин депутаттары менен жолугушту

08.06.2022 10:33
711
Элчи Өмүралиев Түркия парламентинин депутаттары менен жолугушту

Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Шамиль Айрим, Мехмет Эрдоган жана Явуз Субаши менен жолугушту.


КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды.


Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.


Мындан тышкары, тараптар Түркияда Кыргызстанды таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашты.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн