Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эльдар Сулайманов Баткенде курман болгон эки жоокердин үй-бүлөсүнө Бишкектен 2 бөлмөлүү батир белек кылды

04.11.2022 19:57
428
Эльдар Сулайманов Баткенде курман болгон эки жоокердин үй-бүлөсүнө Бишкектен 2 бөлмөлүү батир белек кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Баткендеги чек ара чатагында курман болгон жоокерлердин ата-энелерине Бишкек шаарынан батир берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


1996-жылы Жайыл районунун Калинин айылында туулган Турсунбаев Эрлан Баткен коогалаңында окко учкан. Апасы, эки бир тууганы 26 жаштагы Эрланды жоктоп отуруп калышты. Орду толгус оор жоготууга учураган баатыр жоокердин апасы Эркин Ормушованы Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов тосуп алып, кайрат айтып, 2 бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырды.


Жаңы эле салынып бүткөн, эч кынтыгы жок ремонттолгон бул квартира Эрландын жакындарынын күйүтүн баспаса дагы, Эрландын үйү деп эскерип, апасы үчүн жылуу-жумшак жашап турганга турак-жай болот.


Эли-жери үчүн баатырларча шейит кеткен Эрлан Турсунбаев үйлөнүп, апамды өз колума алып жашайбыз деп жаткан экен. Тилегине жетпей кетти деп кейип отурушту.


Квартирага ээлик кыла турган бардык зарыл документтери ошол жерден эле эл депутаты Эльдар Сулаймановдун катышуусу менен каттатылып берилди.


Мына ушул квартирада биринчи жолу Баткендеги коогалаңда окко учкан баатыр Эрлан Турсунбаевге багышталып куран окулду.


Ушундай эле 2 бөлмөлүү квартира Баткенде каза болгон Иманбек уулу Жеңиштин атасы Баймаратов Иманбекке да тапшырылды. Тажик агрессорлорунан Ата-Мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон Иманбек уулу Жеңиш 2000-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган. Уулдарынын улуусу Жеңиш болгону 22 жашта болгон. Баткен согушунун баатыры Иманбек уулу Жеңишке арналган бардык шарттары бар квартира анын ата-энесине тапшырылды.


Алардын кайгысын тең бөлүшүп, минтип жаркыраган квартира берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановго ыраазычылык билдиришти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн