Zamat.kg бренди менен иш алып барган “Элдик Капитал” күрөөканасы өлкө жетекчилигинин калкка жардам көрсөтүү саясатын колдойт жана күрөөгө коюлган акчаларды берүүдө насыянын пайызын эки эсе төмөндөтүүнү чечти.
Мындай чаралар Кыргызстандын карапайым тургундарынын жашоосун жакшыртуу боюнча мамлекеттин саясатын колдоо максатында көрүлүп жатат. Чендердин төмөндөшү алар үчүн финансылык жүктү азайтууга жардам берет.
«Биз түшүнөбүз, адамдар бизге өтө оор турмуштук кырдаалда насыя алуу үчүн кайрылышат. Алар ушундай кадамга барууга аргасыз. Алар жардамга муктаж болгондо биз жанында болгубуз келет. Көбүнчө акча тез талап кылынат, ошондуктан биз өнөктөштөрүбүздүн скоринг кызматын сунуштачубуз. Бул кызмат кардарлар үчүн ыңгайлуу, бирок, тилекке каршы, кошумча каржылык жүктү жаратат, ошондуктан биз мындай кызматты көрсөтүүдөн баш тартууну чечтик», — дейт Zamat.kg. — Натыйжада 28-декабрдан тарта жаңы кардарлар үчүн насыянын үстөк пайызы жылдык эсепке алганда 42 пайыздан ашпайт. Кошумча төлөмдөр болбойт”.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн