Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Элдик Курултайдын биринчи күнү аяктады

25.11.2022 21:05
418
Элдик Курултайдын биринчи күнү аяктады

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Бүгүн, 25-ноябрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.


Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.


Жыйындын башында курултайдын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый ролу жана өлкөнүн акыркы эки жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу эки фильм көрсөтүлдү.


Андан кийин мамлекет башчысы өлкөдөгү иштердин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары, реформалар пакетин ишке ашыруу боюнча кайрылуу жасады, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө үчүн бир нече темаларды сунуштады.


Андан соң сөз делегаттарга берилди. Алар аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, ГЭСтердин курулушу, коңшу мамлекеттер менен чек араларды тактоо жана юридикалык каттоо процесстери, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коррупция менен күрөш жана көптөгөн башка темаларга байланышкан коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп, өздөрүнүн шайлоочуларынын жолдогон сөздөрүн айтышты.


Эске салсак, эртең Элдик курултай ишин улантмакчы.


Түз алып баруу УТРК, республикалык, облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.


Көрсөтүү 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн