Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев билдирди.
Анын айтымында, пландалган оңдоп-түзөө иштери өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылды.
“2021-жылдын 1-ноябрынан тарта электр энергияны пландалуу өчүрүүлөр болбойт. Бир гана авария жана калыбына келтирүү иштеринде гана өчүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн