Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эльмир Досалиев: “Эмгек” партиясы элдин үмүтүн актайт

03.04.2021 12:09
2352
Эльмир Досалиев: “Эмгек” партиясы элдин үмүтүн актайт


“Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Эльмир Досалиев жана партиянын мүчөлөрү калаанын Күрөңкеев аймактык 1307 жана 1355 УШКларынын шайлоочулары менен жолугушту.  


Жолугушууда Эльмир Досалиев кезинде депутат катары кандай демилгелерди көтөрүп, кайсы иштердин өтөсүнө чыккандыгы тууралуу маалымат берип, “Эмгек” партиясынын “Демилгелүү шаар” деген программасы менен кеңири тааныштырды.


“Биздин “Эмгек” партиясынын программасында шаарды өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган. Мисалы, социалдык тармакты жана калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн жолдору так жазылган”, - деди Досалиев.


Жолугушуунун учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.


Жолугушуунун соңунда шаар тургундары жол, свет, транспорт ж.б көйгөйлөрүн айтышты жана айлана чөйрөнү жашылдандырууга, экологияны жакшыртууга көңүл бурууну суранышты. 


Өз кезегинде Досалиев калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча өз ойлорун айтты. Ошондой эле талапкер бишкектиктердин экологияга абдан маани берип жатканына кубанып, эгер “Эмгек” партиясы шайлоодон жеңип келсе, борбор калаанын ар бир аймагына заманбап сквер, парктарды курууну демилгелеп, бишкектиктердин жана коноктордун сергек жашап, ден соолугун чындоого өзгөчө көңүл бурарын айтты. 

Андан сырткары талапкер шайлоочуларга кайрылып, эгер Бишкекте өнүгүп-өсүү болсун десеңиздер “Эмгек” партиясын тандоолору керектигин билдирди.


“Биздин сиздердин ишенимиңиздерди актайбыз. Анткени программабызда сөз кылып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга биздин потенциалыбыз толук жетет”, - деди ал.


Жогоруда аталган тилкенин шайлоочулары талапкерге ак жол каалап, ак сакалдар “Эмгек” партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти. 

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн