Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эльвира Сурабалдиева туулган күнүнө кандай өзгөчө белек алганын парламентте айтты

24.11.2022 11:00
394
Эльвира Сурабалдиева туулган күнүнө кандай өзгөчө белек алганын парламентте айтты

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кемпир-Абад маселеси боюнча "каршы" добуш берген депутаттарга кысым болуп жатканын айтты.


Анын айтымында, Өмүрбек Бакировдун кабинетин бошотууну  УКМКнын эки кызматкери көзөмөлдөп турган.


"Урматтуу төрага, сиз депутаттардын укугун коргойм дегениңизде сизди бир добуштан колдоп бергенбиз. Бирок бүгүн эмне болуп жатат? Кемпир-Абад боюнча "каршы" добуш берген депутаттарга, алардын жакындарына катуу кысым болуп жатат. Мамлекеттик кызматта иштеген жакындарын кызматтан алып жатыптыр.

Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок экен.  "Бизнесин тартып алам", "ал кызды тыйынсыз калтырам" деп УКМКнын кызматкерлери жүрөт.

Ушулбу биздин укугубузду коргоп бергениңиз. Биз берген добушубуз үчүн өкүнө баштадык. Менин атамды өлтүргөн Бакиевдер дагы мындай кылган эмес",- деди Сурабалдиева.


“Кечээ менин туулган күнүм болчу. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сизге чоң рахмат! Туулган күнүмө берген белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма иш козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Бирок мен 2020-жылдын 5-октябрында эки жылдан кийин парламентте мени УКМК кызматкерлери коркутат деп ойлогон эмесмин”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн