Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырды. Бүгүн, 27-октябрдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралды.
Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.
Ал эми анын мандатын Борбордук шайлоо комиссиясы КСДП партиясынан Чынара Урумкалиевага тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн