Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эми Кыргызстанда лицензиясыз иштеген таксисттерге айып пул салынат

13.12.2022 17:24
332
Эми Кыргызстанда лицензиясыз иштеген таксисттерге айып пул салынат

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында таксисттерге лицензия менен иштөө жөнүндө мыйзам долбоору каралды.


Мыйзам долбоору тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасады.


Мыйзам долбооруна ылайык таксисттер бир жылда бир жолу 500 сомго лицензия алат. Ал эми юридикалык жактар үчүн лицензия 1000 сом болот.


Лицензиясыз такси кызматын аткарган жеке айдоочуларга 7500 сом айып салынса, юридикалык тараптарга 23 миң сом айып пул салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн