Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Эмилбек Каптагаев: Мадумаров элди экиге бөлүүгө, түштүк элин түндүккө каршы тукурууда

17.12.2020 15:20
4171
Эмилбек Каптагаев: Мадумаров элди экиге бөлүүгө, түштүк элин түндүккө каршы тукурууда

ПРОВОКАЦИЯ деген сөз бар, эл аралык сөз, кыргызчасы кандай болорун билбей жатам... Балким КОЗУТУУ деген туура болот...


Кечеги Адахам Мадумаровдун "билдирүүсү" мына ошол ПРОВОКАЦИЯ - КОЗУТУУ болуп калды окшойт... Болгондо дагы элди экиге бөлүүгө, аймакты - аймакка каршы коюуга, түштүк элин түндүккө, болгондо дагы барын бириктирип Ысык-Көл элине каршы тукурууга багытталган аракет десек болчудай. Анткени "Көлгө бармак элем, кубалап жолотпой жатат..." - дегендей сөздүн өзү ошондой маани берет, "...биз дагы аларды кубалайлы..." - дегендей чакырык жатат ал сөздүн артында. 


Кече интернеттен угуп алып Ысык-Көлдүн ар бир район-шаарынан  аттуу-баштуу адамдарга телефон чалып сурадым - чын эле ушундай маанай болуп жатабы? - деп.  "Жок, тынч эле, андай деле уу-дуу, түртүшүп-жулкулдашкан  билинбейт..." - деп жооп беришти.  Анын үстүнө өзүм дагы кече эле Көл жактан келгем, айыл ичинде андай деле кармаш-тирешти байкаган жок элем. 


Ошондуктан, билдирүү так болушу, кайсы айыл же шаарда болгон окуя экени, кимди ким келип коркутуп, опузалап жатканын так аты-жөнү менен айтып чыгуу зарыл деп эсептейм. Ал эми чынында эле ошондой копол нерсе болуп кетсе, анда тиешелүү органдар катуу чара көрөт деп ишенем. 


Ошондой эле Боршайком жана укук-коргоо органдары дагы Президенттикке талапкер Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык териштирүү иштерин жүргүзгөнү оң. Ал эми Мадумаровдун жер-жерлердеги штабдарынын мүчөлөрү дагы "антип койду, минтип койду" - деп ооз жүзүндө даттанып отуруштун ордуна ошол жергиликтүү бийлик органдарына, биринчи кезекте милицияга качан-кайсы жерде жолугушуу боло турганын билдирип, ошол жолугушууда тартипти сактап берүүнү суранып расмий кайрылуу-кат тапшырып туруштары зарыл. 


Ушул шайлоонун шайтан оюндары менен кайрадан дүрбөп, кайрадан "келе бакан куу союл" болуп кубалашып, эң жаманы ансыз деле араң турган элди сай-сайга  бөлүп, журттубузду жарып албайлы деген ТИЛЕК азыр жалпыбыздын тилегибиз.  Мындан ары Кыргызстан туура жолго түшүп, өсүп-өнүгө баштаса деген ҮМҮТ азыр элдин башын бириктирип турат. Ушуну туура түшүнсөк урматтуу мекендештер!


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Адах
Адахан рулит
Эльзат Эльзат
Эмилбек Каптагаев озу Ыссык колдук болот турбайбы Биз Адахан Мадумаровду колдойбуз
Канатбек
Мадумаров эмне силерге тоскол болуп жатабы онугушунорго Кара Кулжа эли Мадумаров киргизбей ызуучу чыкканы жалганбы баары Биримдик шайлаганы жалганбы Ыссык Кол эли мойунга алгыла чындыкты
Нур
Каптагаев каматты элего Садырды,эми пахта коюп баштадыбы,чал жон эле журбоду да.
Сей
Каптагаев кочукко пахта коюп отурбай сразу эле тазалап жиберчудон турбайбы