Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эмне үчүн доллар арзандаганына карабай азык-түлүк кымбат болууда?

25.05.2022 14:00
1349
Эмне үчүн доллар арзандаганына карабай азык-түлүк кымбат болууда?

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Нышанова азык-түлүктүн баасына кызыкты.


"Эмне үчүн доллар түшкөнүнө карабай, азык-түлүктүн баасы кымбат болууда?", - деди депутат.


"Азык-түлүктүн баасы бир гана доллардан көз каранды эмес. Доллар азык-түлүктүн кымбатташына бир себеп болушу мүмкүн. Андан башка себептери да бар.


Кумшекердин баасы биздин өлкөдө кошуналарга салыштырмалуу арзан. Өсүмдүк майынын баасы кошумча нарк салыгы алынгандан кийин 12 пайызга арзандады.

Азыркы учурда дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу көп өлкөлөр азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө чектөө киргизип жатат. Ошондуктан баалар кымбат болууда",- деди Монополияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Кеңешбек Тайлаков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн