Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:20
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Энергетика министри Камбар-Ата-1 ГЭСи качан ишке киргизилерин айтты

02.06.2022 12:08
546
Энергетика министри Камбар-Ата-1 ГЭСи качан ишке киргизилерин айтты

Азыркы учурда Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна көрүлгөн даярдыктарга катышууда. Ал биздин өлкөдөгү өзөктүү маселелердин бири болгон - энергетикалык коопсуздукту камсыздоого көмөкчү боло турган стратегиялык долбоор болуп саналат.  Мындай пикирин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.


"Даярдоо иштери эки жылдай мөөнөттү талап кылат. Ал арада жолдор, көпүрөлөр, имараттар, жумушчуларга керектүү башка дагы инфраструктуралар калыбына келтирилип, жаңылары салынат. План боюнча ГЭСтин биринчи гидроагрегаты 4 жылдан кийин ишке киргизилет. 


Болжолдуу берилген баалар боюнча плотинанын узундугу - 256 метрди, ал эми топтолуучу суунун көлөмү - 5,5 миллиард кубду түзөт. ГЭСтин кубаттуулугу 1860 мегаватка жетип, ал жылына 5 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгып турат",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн