Эл дагы канча чыдаш керек? Мындай суроону бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министри Таалайбек Ибраевге узатты.
Министрдин айтымында, катуу суукка байланыштуу электр энергиясын колдонуу эң жогорку деңгээлге чыгып кеткен.
"Азырынча электр энергиясын өчүрүүгө мажбур болуп жатабыз. Бул да болсо чоң авариянын алдын алуу болуп саналат. Күн жылыса электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү токтошу мүмкүн",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн