Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Энергетика министри карызы бар пенсионерлердин электр жарыгын дароо өчүрбөй убакыт берүүнү тапшырды

30.12.2022 13:02
419
Энергетика министри карызы бар пенсионерлердин электр жарыгын дароо өчүрбөй убакыт берүүнү тапшырды


Бүгүн, 2022-жылдын 30-декабрында Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергокомпаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга карата коюлган пландарга кыскача токтолду.  Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Андан тышкары министр жаңы жылдык майрамга карата карызы бар жарандардын жарыгын майрам өткүчөктү өчүрбөй турууга буйрук берди. Ошондой эле майрам жана эс алуу күндөрү энергетиктер кызматта болушун, калкка жылуулук жана жарык берүү энергетиктердин милдети экенин эскертти.


"Майрамдык маанайды биз элге тартуулап, жарык жана жылуулук менен камсыз кылышыбыз керек. Баарыңар байланышта болуп, ыкчам түрдө иштөөнү колго алгыла. Майрам күндөрү, кышында эл жарыксыз калбашы керек. Аба ырайы күндөн-күнгө сууктап бара жатат. Ошону менен катар пенсионерлер пенсиясын алгыча 2-3 күн айырма болуп светтин акчасын төлөгүчө өчүрүп коюп жатасыздар. Карызы бар пенсионерлер электер энергиясына болгон төлөмдү төлөгүчө убакыт бергиле", - деди министр Ибраев.


Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрам күндөрү Энергетика министрлиги жана энергокомпаниялар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Майрам күндөрү министрликтин жетекчилиги, бардык энергокомпаниялардын жооптуу адистери кезмет менен иштешет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн