Бүгүн, 26-октябрда Энергетика министри Таалайбек Ибраев кышында электр энергиясы өчүрүлбөй турганын убада кылды. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, кышында эч кандай өчүрүүлөр болбойт.
"Мен Түркмөнстанга барып 2 миллиард киловатт саат электр энергиясын сатып алууну макулдашып келдим. Ошондой эле күйүүчү газ алууну да сүйлөштүк.
Азыркы күндө орун басарым келишимдин аткарылышы боюнча ишти көзөмөлгө алып Ашхабад шаарында жүрөт",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн