Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Энергетика министрлиги Тажикстан менен чектеш айылдарга кошумча көмөк чордондорду орнотот

11.01.2023 16:04
261
Энергетика министрлиги Тажикстан менен чектеш айылдарга кошумча көмөк чордондорду орнотот



 Бүгүн, 2023-жылдын 11- январында энергетика министри Таалайбек Ибраев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолукту.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алкагында Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарына өзгөчө көңүл бөлүү, Ак-Сай, Кызыл-Бел, Кара-Булак, Капчыгай айылдарынын электр энергиясын жакшыртуу, кошумча көмөк чордондорду орнотуу, Баткен электр тармактар ишканасын жаңы имарат менен камсыз кылуу, аткарыла турган иштердин каражат маселеси талкууланды. 


Мындан тышкары Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тургундардын күндүз электр жарыгын күйгүзүп коюп, кайдыгер мамиле кылганына нааразы экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакыруу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин баса белгилеп, тиешелүү адистерге тапшырма берди.  


Таалайбек Ибраев башка облустарга салыштырмалуу Баткен элине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана тургундарды үзгүлтүктсүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алдыда пландар коюлганын айтып өттү. Ошондой эле Баткен облусунун айылдарына энергетика тармагынан шарт түзүүгө министрлик даяр экенин билдирди. Андан соң министр Ак-Сай айылына барып, элге берилип жаткан электр энергиясынын бүгүнкү абалы менен жеринде кабар алды. 


Иш сапардын алкагында энергетика министри Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен чогулуш өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө калкты кыштан үзгүлтүксүз жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу, чек арада жайгашкан айылдар үчүн жакшы шарт түзүү, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү, өткөн жылда жасалган иштер, быйылкы жылы аткарыла турган жумуштар ж.б. маселелер талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш планына ылайык жети облустун энергетиктери менен жолугуу жана бүгүнкү энергетиканын абалын жеринен көрүү боюнча иш сапары Баткен облусунда аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн