Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Энергетика министрлиги өлкөдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдирди

14.01.2023 11:08
255
Энергетика министрлиги өлкөдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдирди

«Кыргыз улуттук электр тармагы» ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр түйүндөрүнө жана жабдыктарга күч келүүдө, айрыкча мындай көрүнүш электр жарыгы эң көп колдонулган учурларда катталууда. Ошондуктан жабдыктарды ысып кетүүдөн коргоо жана алардын жарактан чыгып калуусуна жол бербөө үчүн кыска убакытка токтотуулар болушу мүмкүн.


Ишкана керектөөчүлөргө кайрылып, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырат.


Өлкөдө бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылуураак боло баштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн