Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Энергетика тармагынын карызы 136 млрд сомду түзөт

26.10.2022 11:45
254
Энергетика тармагынын карызы 136 млрд сомду түзөт

  Бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.


“Эң биринчи карыз Кытайдын Экспорт-импорттук банкына (Эксимбанк), ал “Датка” жана “Кемин” көмөкчордондору үчүн алынган. Экинчиси, Токтогул ГЭСинин агрегатындагы реконструкциялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынан алган насыя жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо. Булардын ичинен “Датка” жана “Кемин” чордондору ишке берилип, ошондой эле Бишкек ЖЭБи Кара-Кеченин көмүрү менен иштөөдө”, - дейт ал.


Министр мындан сырткары, акылдуу эсептегичтер үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан алынган насыялар бар экенин айтат.


“Алынган насыялардын баары энергосистемага жакшы жыйынтык берип жатат”, - деди Ибраев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн