Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат.
"32 өлкөгө каттамдарды ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөр. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз", - деди Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн