Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эпидкырдаалды талкуулаган Коопсуздук кеңешинин жыйынынан фоторепортаж

06.07.2020 19:39
901
Эпидкырдаалды талкуулаган Коопсуздук кеңешинин жыйынынан фоторепортаж


Бүгүн, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, видеоконференция форматында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маселе каралды.

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов сөз сүйлөштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө анализдин жана божомолдун жоктугу, акыркы күндөрү калк арасында паникага жол берилгендиги, жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугу үчүн өкмөттү жана саламаттыкты сактооминистрлигин сынга алды.

Мамлекет башчысы ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин баса белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу жана айлык акыларын өз маалында төлөп берүү маселесине да токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн