Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Эрбол Султанбаев Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевдин кызматтан четтетилиши боюнча пикирин билдирди

07.06.2022 17:34
914
Эрбол Султанбаев Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевдин кызматтан четтетилиши боюнча пикирин билдирди

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматынан убактылуу четтетилиши Конституцияга каршы келбейт. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал белгилегендей, Башкы прокуратуранын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иштерин козгоосу, Курманкул Зулушевдин тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши кызуу талкууланууда.


"Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет. Дал ушул күнөөсүздүк презумпциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуу, толук жана объективдүү принцибин көңүлгө алып, саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, президент тергөө мезгилинде кызматтан убактылуу четтеткенине көңүл буруу керек. Белгилүү болгондой, кылмыш иштери боюнча тергөө мөөнөтү кылмыш процессуалдык мыйзамдар боюнча 2 айды түзөт. Муну менен башкы прокурор кызматынан бошотулбагандыктан, бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу да талап кылынбайт. Демек, тергөө мезгилине кызматынан четтетүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт.

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун нормасына ылайык, мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу чараларга аткаруу жүрүшүндө кызыкчылыктар конфликти пайда боло турган мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарды кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүү да кирет.


Саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелер кызыкчылыктардын кагылышуусу – коомдук-укуктук милдеттер менен жеке кызыкчылыктардын ортосундагы конфликт. Анда кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна таасирин тийгизген же таасир этиши мүмкүн болгон, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн.


Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган мыйзамдын 11-беренесинде кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары үчүн чектөөлөр белгиленет - аларга көзөмөл, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Демек, президенттин башкы прокурор Курманкул Зулушевди саламаттыкты сактоо министринин ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан чететтүү жөнүндө чечими мыйзамдарга толук ылайык келет", - деп белгилейт Султанбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн