Армениянын борбору Ереван шаарында бүгүн оппозиция кайрадан митингге чыкты. Митингчилердин айрым бөлүгү өкмөт отурган имаратка кирип барды. Бул тууралуу "РИА новости" жазды.
Митингчилер кирип барган имаратта министрлер жана өкмөткө таандык ведомстволор иш алып барат.
Алар бийликтин кетүүсүн талап кылышууда.
Эске салсак, бир канча күндөн бери премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозиция митинг өткөрүп келүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн