Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эрнис Исабеков: “Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Өрнөк айылындагы 53 гектар жерди элге кайтарып берүүңүздү суранабыз!”

31.10.2023 09:04
1068
Эрнис Исабеков: “Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Өрнөк айылындагы 53 гектар жерди элге кайтарып берүүңүздү суранабыз!”


Атайын ат арытып Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынан Эрнис Исабеков мырза биздин редакцияга келиптир. “Арстан Тазабековдон 53 гектар жерди айыл өкмөткө кайтара албай атабыз. Бу жерде Эркин Мамбеталиев кызыкдар болуп атат” деди...


- Эрнис мырза, кеп башынан болсун, эмне жер?..


- 2007-жылы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылынын күн батыш жагында жер бар болчу. Ошол жердин 5 гектарын Арстан Тазабеков ижарага алып, алма бакка айлантты. 2010-жылы революциядан кийин эл барып басып алды. Аны уккан Арстан эл алдына өтүнүч менен келип, “алма бак тиктим эле, убакыт бергиле, түшүмүн алып, анан кайтарып берем” деген. Эл ал жердин ижарасын 7 жылга узартып берген.


- Ошондо 2017-жылга чейин ижара узартылган турбайбы, анан эмне болду?


- Эмне болмок эле, арадан 7 жыл өттү. Тазабеков жерди бошотуп берген жок. Андан тышкары, бизге белгилүү болгондой, баягы 5 гектар жердин үстүнө 48 гектар жерди дагы коштуруп, жалпы жонунан 53 гектар жерди ижарага алып, 5 гектарына алма, 48 гектарына павлония деген бактын көчөттөрүн отургузуп салыптыр. Ошентип жерди ижарага алган Арстан Тазабеков ушу кезге чейин айыл өкмөттүн атайын Өрнөк айылынын жаштарына деп арналган 53 гектар жерди бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бербей атат. Жаштар жерлери жок жүрүшөт. 


- Эмнеге бербей атыптыр, жүйөлүү себептери барбы?


- Эч бир жүйөлүү себептери жок. Угушума караганда, Арстанды калкалап аткан Эркин Мамбеталиев имиш. Ошондуктан элдин жери элге кайтарылбай аткансыйт. Биз бул боюнча сиздердин гезит аркылуу УКМКнын башчысына кайрылалы дедик эле. 


Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! 
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы 53 гектар жерди айыл элине кайтарып берүүңүздү суранабыз! 


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн