Астана шаарында эртең, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.
Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн