Эртең Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, өчүрүүгө «Ала-Тоо» суу алуучу жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болгон.
24-октябрда саат 9.00дөн 20.00гө чейин “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында муздак суу берүү токтотулат.
Бишкексууканал келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн