Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов күз мезгилинде жугуштуу оорулар күчөгөндүгүнө байланыштуу кол алышып учурашуудан алыс болууга чакырды.
"Күз мезгилинде жугуштуу оорулар күчөйт. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн кол алышып учурашуудан сактанып турсак. Тойлорго барганда өбүшүп учурашуудан да абайласак, өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн",- деди депутат.
Мындан сырткары, Кокулов балдар ооруканасында санитардык-эпидемиологиялык шарттар толук сакталбай жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн