Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

23.05.2023 12:46
535
Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок а/а мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. 


Маалым болгондой, 2023-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн