Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 16:24
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Эстей жүр: Бакен Кыдыкеева “алгачкы” деген атка конгон (фото)

21.04.2021 09:04
37181
Эстей жүр: Бакен Кыдыкеева “алгачкы” деген атка конгон (фото)

Бүгүн кыргыздын атактуу актрисасы, СССРдин жана Кыргыз ССРнин эл артисти Бакен Кыдыкеева тууралуу “Эстей жүр” рубрикасы сөз кылат.


Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Бишкектеги Төкөлдөш айылында туулган. Орто мектепти 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мимлекеттик театры) уланткан.


Актрисанын атасы, анын театралдык окуусуна каршы болгондугуна байланыштуу, ал 14 жашында театрды таштоого мажбур болот. Театрга келип, жумуштан кетүү тууралуу арыз жазаар күнү театрдын режиссеру А.Самарин-Волжский Бакен Кыдыкееванын эмне жумуш менен келгенин ойго албай, Лопе де Веганын «Овечий источник» спектаклине башкы каарман Лауренсиянын ролун берет. Бакен Кыдыкеева, арыз жазуу үчүн келгенин айта албай рольдон баш тартпай аны алат. Атасынын каарынан коркуп, бир нече күн үйүнө келген эмес. Спектакльдин үчүнчү күнүндө Бакен Кыдыкеева үйүнө келгенде, эшик алдында гезит окуп жаткан атасын көрөт. Атасы Бакен Кыдыкееванын жанына басып келип: "Бакен, бул жерде жазылып жүрөт “Бакен Кыдыкеева «Овечий источник» спектаклинде башкы каармандын ролун мыкты аткарды" деп, бул сенсинби?" Бакен Кыдыкеева корккондугунан башын ийкегенде, атасы чекесинен сүйүп, анын эң биринчи күйөрманы болуп калат.

1941-1944-жылдары Пржевальск жана Нарын шаарынын областтык театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенет.


Бакен Кыдыкеева өз таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду аткарган. Анын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Аны "алгачкы" деп аташкан, анткени Бакен Кыдыкеева алгачкылардан болуп шекспирдеги айымдардын ролдорун жана башка дүйнөлүк пьесалардын авторлорунун чыгармаларын биринчилерден болуп кыргыз сахнасына алып чыккан. Ал биринчилерден болуп, алгачкы улуттук толук метраждуу "Салтанат" деп аталган кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган. 


Чыңгыз Төрөкуловичтин алгачкы «Бетме-бет» спекталинде биринчилерден болуп Сейденин ролун аткарган. Анын “Саманчынын жолу” чыгармасында дагы Толгонай эненин мыкты образын ачып, бүтүндөй адабиятка, искусствого эбегейсиз салым кошуу менен кыргыз энелеринин кайратмандыгын айгинелей алган. Жер эне менен Толгонайдын диологу бүгүн да актуалдуулугун жоготпой, чакан театрлардан баштап, чоң сахналарда жаңырып келе жатат. «Токтогул» тасмасында баш каармандын бири Бурманы да жеткиликтүү аткарганы менен сыйга татый алган.


Бакен Кыдыкеева бир гана Кыргызстанда эмес, аны кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. Кыргыз ССР кинематографисттер Бирикмесинин мүчөсү. Үч жолу турмушка чыккан. 33 жашында кызы кырсыктан каза болгон, эки уулу бар. Алардын бири апасынын жолуна түшүп музыка жаатында эмгектенет.

1947-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, 1956-жылы Кыргыз ССРнин эл артисти, 1970-жылы СССРдин эл артисти жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон, ошондой эле Бүткүлсоюздук кинофестивалынын «Актердук жумушу үчүн байге» номинациясынын лауреаты, 1977-жылы Ленин Ордени менен сыйланган.

СССРдин эл артисти ата мекендик искусствонун өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон. Ал кезегинде жаш таланттарга жол көрсөтүп, жардамын аяган эмес. Алсак, Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарды тарбиялап өстүргөн.

Расмий документтер боюнча, Бакен Кыдзыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн