Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 15:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.075
1.115

Шайлоо - 2025: Талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 373кө жетти

Шайлоо - 2025: Талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 373кө жетти


20-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 373кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.


БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.


Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн