Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалган педагогикалык факультеттин окутуучусу К.З.А. болгон, ал системалуу түрдө алдамчылыкка шектелүүдө.
Шектүү кызматтык абалынан пайдаланып, абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн акча алып турган.
Учурда тергөө тарабынан кармалган октуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы К.З.А.нын иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн