Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эстей жүр: Бүгүнкү кымбатчылык шартында дыйкандарга Зууракан Кайназаровадай көрөгөчтүк керек

24.03.2021 09:36
7709
Эстей жүр: Бүгүнкү кымбатчылык шартында дыйкандарга Зууракан Кайназаровадай көрөгөчтүк керек


“Эстей жүр” рубрикасынын бүгүнкү каарманы Социалистик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова болмокчу. Бул инсан тууралуу эскерүү азыркы учурдун талабы деп ойлойбуз. Анткени Союз маалында өзүнүн күжүрмөндүгү менен Москваны гана эмес, дүйнөнү багындырган кызылчачы болгон. Зууракан Кайназарова дегенде молчулукту, берекелүү түшүмгө толгон эгин талааны элестетебиз. Ал бир гектар жерден 103 тонна кызылчанын түшүмүн алып, дүйнөнү таң калтырган.


“Жаз жарыш, күз күрөш” дегендей алдыда жазгы айдап себүү, жер айдоо сыяктуу талаа иштери башталат. Ар ким адаттагыдай жер тырмап, күзгү эгинин камдап алуу аракеттерин көрөт эмеспи. Бүгүнкү кымбатчылык шартында эгин талаа иштери менен алектенип жаткан дыйкандарыбызга Зууракан Кайназаровадай эрдикти, чыдамкайлык, иш билги көрөгөчтүктү жана сабырдуулукту каалап, анын үлгүлүү сабактарын сунуштайбыз.




Зууракан Кайназарова ким?


1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаштыгы колхоздор түзүлүп жаткан мезгилге туш келип, элет жеринде өзү курактуулардай эле айыл чарбасы менен алектенген. Эмгек жолун 1929-жылы колхоздон баштаган. СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты болуп шайланган.



Дүйнөгө аты тараган дыйкан


Ал кызылча менен 1935-жылдан баштап алектене баштайт. Ошол жылы Советтер Союзунун аймагында украиналык Мария Демченко бир гектардан 55 миң килограмм кызылча алды деген кабар тарап көпчүлүктү таң калтырган. Ошондо чүйлүк келин украиналык аял менен жарышып, ошол жылы эле ал көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатып, бир гектар жерден 103 тонна түшүм алып дүйнөлүк рекорд койгон.


Москвага чакыруу


1936-жылы СССРдин борбордук бийлиги аны Москвага чакыртат. Ал Кремлде бир жумадай жүрүп, 34 жашында Ленин орденин алган. Кайназарова гектарынан алган 1000-1250 центнер көрсөткүчүн ондогон жылдар бою сактап жүргөн.

Зууракан Кайназарова жерге кайсы убакта кык чачып, талааны канча тереңдикте айдатуу керектигин жана үрөндү себүү иштерин качан баштоону беш колундай билген.


 


Сыйлыктары

Кыргыз ССРинин депутаты өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында бир топ жогорку сыйлыктарга татыган. Ал эки жолу СССРдин Социалистик Эмгектин баатыры болуп, үч ирет Ленин, бир жолу Эмгек Кызыл Туу орденин алган.


.


Жети баланын бакма энеси...


Жаш кезинде турмушка чыгып бир уулдуу болот. Бирок тагдырдын жазмышы менен баласынан жана жолдошунан айрылып калат. Кийин күйөөгө тийбей согуш маалдында жетим калган ар кыл улуттагы жети уул-кызды асырап, өз баласындай тарбиялап өстүргөн.


Жыңайлак суу сугарып жүрүп баспай калган


Зууракан Кайназарова 40 жылдай өмүрүн кызылчага арнап, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Кыйың кезеңде ал жыңайлак суу сугарып жүрүп, 70 жашында буту ооруп баспай, 80 жашында көз жумган. Эмгекчилдиктин үлгүсү болгон Кайназарованын туулган күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери "Элеттик аялдардын күнү" катары белгиленип келет.








Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн