Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

“Эстей жүр”: Тазалык, абийир жана ар-намыстын символу Абсамат Масалиев бүгүн 88 жашка чыкмак

10.04.2021 09:17
33802
“Эстей жүр”: Тазалык, абийир жана ар-намыстын символу Абсамат Масалиев бүгүн 88 жашка чыкмак

 

Бүгүн, 10-апрель Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, КР Эл баатыры Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо 88 жашка чыкмак. Андыктан “Эстей жүр” рубрикасынын бүгүнкү каарманы Абсамат Масалиев болмокчу.

 

Кыргыз мамлекетинин саясий өнүгүшүнө зор салым кошуп, өзүнүн өмүрүн өрнөктүү сүрүп өткөн жана артынан бир топ белдүү шакирттерди тарбиялап калтырган, кыргыздын даңазалуу уулу Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

 

Эмгек жолун «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде инженер болуп баштаган Абсамат Масалиев Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысына чейин жеткен. Ал 1960-жылдардан тартып өмүрүнүн акырына – 2004-жылга чейин жогорку тепкичтеги жооптуу кызматтарда таза, акыйкат иштеп, эл алдында жүзү жарык болгону менен көпчүлүктүн эсинде калды.


Абсамат Масалиев кандай адам болгон?


Замандаштары А.Масалиевди чынчыл, ак жүрөк инсан катары билишчү. Паракорлукту душманындай санаган. Тарыхчы жана журналист Т.Чоротегин бир эскерүүсүндө: “1990-жылдын октябрь айындагы окуяларга кайра кылчаюуга мүмкүн болду. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчиси, консерватор саясатчы Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий өнөктүккө, саясий ачкачылыкка да катышкан элем. Алардын баарын Абсамат ага дурус билээр эле”, - дейт.


Масалиев күлүп: «Эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябрь күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем», - деп айтканы эсимде", - дейт Т.Чоротегин.


Мурдагы КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев маркум саясатчы тууралуу 2004-жылы мындай деп эскерген: Абсамат аке жөнүндө эң оболу менин айтаарым – бул киши эски заманда дагы, жаңы заманда дагы элдин кызыкчылыгы үчүн жан дилин берип, күйүп-бышкан адам эле. Бул киши эл үчүн деп жанын сабап жүрүп (дүйнөдөн) өтүп кетти.


Драматург Султан Раев “Бүгүн эки адамды эстедим” деген эскерүүсүндө: “Апсамат Масалиев - бул ысым ар бирибиздин жүрөгүбүзгө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге кызмат кылуунун өзгөчө символун калтырды. Өмүрү да, өмүр жолу да, адамдык нурк-насили да өрнөк. Карапайым.Таза. Талапчыл. Мындай адамдарга кыргыз коому чаңкап турат.

Апсамат Масалиев жөнүндө досум Нуралы экөөбүз документалдуу фильм тартканбыз. Ал учур - 2003-жылдар эле. Апсамат Масалиевдин атын катуураак айтканга да жүрөксүнүп турган мезгил. Эч кимге билгизбей, эч жарыя кылбай тарттык. Апсамат Масалиев кандай болсо, ошондой тарттык. Короодо картошка эгип, лопатка басып жүргөн Масалиев. Бутуна резина өтүктү кийип, огороддо күн бою жүргөн Масалиев...”, - деп жазганы бар.


Каармандын эмгек жолу

Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык дипому менен аяктайт. Андан кийинки билимин улантуу максатында 1953-1956–жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт.

Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде, «Кыргыз көмүрдө» иштеген. 1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областтык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.

1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.

1966-жылы партиянын Ош областтык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП БКсынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары кызматын аркалаган.


 Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы болуп 1972-1974-жылдары иштесе, Кыргызстан КП БКнын катчысы катары 1974-1979-жылдары кызмат кылган. Ал эми 1975-жылдын январынан 1985-жылдын июнь айына чейин партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган.

 

1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы. 1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. 1991-жылдын апрель-август айларында КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кеңешчиси болсо, 1993-96-жылдары Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү кызматын аркалаган.


А.Масалиев 1995-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон. Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен - президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К.Баялинов мурда айткандай - Акаевдин 73 процент добуш алып жеңүүсүн камсыздаганы бүгүнкүгө чейин айтылып жүрөт.

 

1986-1991-жылдары СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутат, СССРдин эл депутаты болуп 1989-1991-жылдары шайланып, СССР Жогорку Советинин мүчөсү болгон, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. КР Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты. 2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.


Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбодук аткаруу комиетитинин төарагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.

А.Масалиев Октябрь революциясы ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, КМШнын парламенттер аралык «Шериктештик» ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.


Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиев 2004- жылдын 31-июлунда күтүүсүз жүрөк оорусунан көз жумган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кыргыз мекенчил таза инсанын козу тируусундо тепкилеп каралайт.Козу откондон кийин кайталангыс инсан болчу деп койот.Азыр деле ушундай.Бул ачуу чындык.
Мукашова Малика
Эн жакшы