Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Этика менен сураңыз". "Этиканы үйрөтпөңүз". Депутат менен министр айтышты

10.06.2021 17:19
843
"Этика менен сураңыз". "Этиканы үйрөтпөңүз". Депутат менен министр айтышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев менен депутат Шайлообек Атазов менен айтыша кетти. 


Догоев айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы жергиликтүү бийликке берилерин айтып, жолду ошолор карашы керектигин белгиледи.


Атазов: — Ошол мекемелер өз милдеттерин аткарыптырбы?

Догоев: — Аны тиешелүү өз алдынча башкаруу органдарынан сураш керек.

Атазов: — Сурабайсызбы, анда эмне кылып отурасыз ал жерде?

Догоев: — Мен сизден суранам, мындай этикага байланыштырып сурасаңыз.

Атазов: — Сиз мага этиканы үйрөтпөңүз! Сизден эл өкүлү катары сурап жатам.

Догоев: — Мен сизге үйрөткөн жокмун, сизден суранып жатам деп айттым.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн