Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Феликс Кулов: Биз шайлоого өзгөртүү киргизүү боюнча азыркыдан да мыкты мыйзам долбоорун сунуштайбыз

25.03.2021 21:21
562
Феликс Кулов: Биз шайлоого өзгөртүү киргизүү боюнча азыркыдан да мыкты мыйзам долбоорун сунуштайбыз

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу жүрдү.


Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алтынбек Сулайманов. Анын айтымында, мурда шайлоочулар бюллетенде бир партия үчүн гана добуш берсе, эми бир бюллетенге эки белги коёт. Биринчиси партия үчүн экинчиси партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн.

Парламентке бүтүн республика боюнча эң көп добуш алган талапкер өтөт.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, келерки шайлоодо колдонулушу мүмкүн.


Эл өкүлдөрүнүн бири  мыйзам долбоору кабыл алынса, аймактык бөлүнүүгө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

"Мисалы, Кара-Суу районунда 200 миң адам жашайт, Тоңдо 30 миң адам жашайт. Болгондо да шайлоого алардын жарымы катышат. Ошондо парламентке албетте, Кара-Суудан койгон депутат өтөт",- деди депутат.


Алтынбек Сулайманов талапкер партияга кирерден мурда партиянын лидерине карап кошулса, мындай нерсе болбой турган айтты.

"Азыркы учурда партиянын лидери кимди депутат кылышты өзү чечет. Биз сунуштаган мыйзам долбоору өтсө, шайлоочулар партиядагы талапкерге добуш берет",- деди.

Мындан сырткары, "алтын мандат" деген түшүнүк жоголорун кошумчалады.


Шайлоо пропорционалдык-преференциалдык негизде өткөрүү сунушун төрт жыл мурда "Аалам", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ар-Намыс" партиялары көтөргөн. Бирок азыркы эле депутаттар колдобой койгон. Эми убагы келген сыяктуу.



Азыркы сунушталып жаткан долбоордун чоң кемчилиги бар. Аны дароо эле эл өкүлү чоң райондордон көп депутат келет деп байкады.

Биз сунуштаган мыйзам долбоору мындан да мыкты эле. Биз 11-апрелден кийин бул мыйзам долбооруна альтернативалык түрдө кайра сунуштайбыз. Сиздердин колдооңуздарга ээ болот деп ойлойм.


Феликс Кулов

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Озунукун откорот булар.Акылдууну укпайт,озуно ынгайлуу менен иштешет.